Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:30

Стокгольмдогу терактка шектүү айыбын мойнуна алды


Каза болгондорду эскерүү. Стокгольм
Каза болгондорду эскерүү. Стокгольм

Стокгольмдогу төрт адамдын өмүрүн алган терактты жасаган деп кармалган өзбекстандык жаран күнөөсүн моюнга алды. Анын адвокатынын айтымында, шектүү Акилов бул тууралуу баш коргоо чарасы каралып жаткан сотто айткан.

Терактка шектелип 9-апрелде экинчи кишини кармалган. Полиция анын аты-жөнүн айткан жок. Тек гана 7-апрелден берки иликтөө учурунда 600дөн ашуун сурак жүргөнү, Стокгольмдун негизги бөлүгүндө көптөгөн рейддер жүргөнү маалымдалды.

7-апрелде Стокгольмдо кылмышкер жүк ташуучу унаа менен элди тебелетип, анан соода борбордун имаратын сүздүргөндө машине өрттөнүп кеткен. Кол салуудан төрт адам өлгөн. Жараат алган 15 кишинин ону ооруканада.

XS
SM
MD
LG