Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:25

Испанияда хакер деп шектелген орусиялык адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Испания бийликтери билдиргендей, АКШнын суранычы менен өлкө аймагында орусиялык делген хакер кармалды. Петр Левашев аттуу жаран 7-апрелде Барселонада кармалганын Испаниянын Улуттук сотунун маалымат катчысы дүйшөмбүдө маалымдады. Орусиялык РТ каналына курган маегинде Левашевдун аялы Мария испан полициясы анын жолдошун «АКШнын президенти Дональд Трамптын жеңишине алып келген компьютердик вирус ойлоп тапкан» деген шек менен кармап кеткенин айтты.

Испания полициясы Левашевдин АКШ шайлоосуна катыштыгы бары тууралуу маалыматты ырастаган жок. Ал эми аталган мамлекеттеги Американын элчилиги бул боюна комментарий берүүдөн баш тартты.

Ушул жылдын январь айында АКШнын чалгындоо кызматы Орусия президенти Владимир Путин Дональд Трампка жардам берүү жана АКШдагы президенттик шайлоого таасир этүү үчүн хакердик кампания жүргүзүүгө буйрук бергендигин билдирген. Кремл киберчабуулдарга тиешеси бардыгын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG