Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры Касымалы Баялиновдун “Ажар” повестинин негизинде сахналашкан “Ажар” спектаклин койду. Мында негизинен 1916-жылдагы Үркүн окуясы чагылдырылган. Көрүүчүлөр аталган пьесада буга чейин окурман журтуна кеңири таанымал болгон Ажардын образы жаңыча көз карашта сыпатталганын айтып жатышат.
"Ажардын" жаңы образы

21
Буга чейин Ажардын элеси энесинин жанында айткан монологунан улам кайратсыз, алсыз, боор ооругудай аянычтуу болуп сиңип калган. Ал эми бул спектаклде башкы каарман эркиндик үчүн умтулган, мекенин, элин көр дүйнө жыргалчылыгына алмашпаган намыскөй, кайраттуу кыз катары сүрөттөлөт.

22
Спектакль көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынды.

23
Оюн өкмөттүн жаңы репертуар үчүн бөлүнгөн каражатынын негизинде даярдалган.

24
"Ажар" повестин өткөн кылымдын 70-жылдарында Болот Алаков сахнага ылайыкташтырып жазып чыгып, режиссер Алмазбек Сарлыкбеков Каракол театрында койгон. Ошол драма эми Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси, режиссер Эгемберди Чалабаев тарабынан кайра иштелип чыгып, сахналаштырылды.

25
Адабиятчылар Касымалы Баялинов "Ажар" повести менен бүтүндөй кыргыз элинин 1916-жылдагы трагедиясын бергенин айтып келишет.