Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:25

Телерадио мыйзамына кирчү өзгөртүүлөр талкууланды


Бүгүн Бишкекте теле жана радионун ишмердүүлүгүнө байланыштуу айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өттү. Ага ылайык “Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө” жана “Телерадиоберүүлөр жөнүндө” мыйзамдарды өзгөртүү каралууда.

Долбоор демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңеш депутаты Наталья Никитенконун маалымдашынча, экинчи окуу маалында медиа тармакта жана депутаттар арасында кызуу талкуу жараткан жагдайлар болду.

Биринчиси 18-беренеге тиешелүү. Анда лицензия эмес, уруксат берүүнүн негизинде иштөө сунушталып жаткан. Депутаттар лицензиялоо керек деген. Бирок андай учурда, Никитенконун айтымында, башка мыйзамдар менен шайкеш келүү жагынан маселе жаралмак. “Андыктан биз уруксат берүү жагын калтырдык” деди депутат.

Ал эми экинчи өзгөртүү 32-берене, жарнамага байланыштуу. Алгач ретрансляция жүргүзгөн телерадиокомпанияларга саат 7:00дөн 23:00гө чейин жарнама, анын ичинде чет өлкөлүк каналдар тартуулаган жарнаманы көрсөтпөө талабы коюлуп жаткан. Бирок чет өлкөлүк каналдарга жарнаманын көлөмүн ретрансляция чыгымын жабуудан ашырбоо гана керек деген сунуш түштү. (RK)

XS
SM
MD
LG