Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

“Өнүгүү-Прогресс” спикердин отставкасын эмки аптада карайт


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы спикер Чыныбай Турсунбековду кызматтан алуу боюнча бир пикирге келген жок. Фракция мүчөлөрү бул маселени эмки жумада карай турган болушту. Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев “Азаттыкка” билдирди:

-Биз өкмөттү отставкага кетирүү боюнча бир пикирге келдик. Бул демилгени колдойбуз. Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев боюнча маселени карайбыз. Ал башкарып жаткан мекеме шайлоо учурунда добуш берүүчүлөрдүн тизмесин чаржайыт түзүп, көйгөй жаралган. Андан тышкары, Бакиевдердин мүлктөрү боюнча да ага нааразылыктар бар.

2-февралда Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки жагдайы тууралуу парламентте өкмөттүк саат болуп, депутаттар тараптан нааразылык айтылган. “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” фракцияларынын лидерлери өкмөттү отставкага кетирүү демилгесин көтөрүшкөн.

Ал эми “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов өз милдетин так аткарбайт деп, Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбековду кызматтан алуу сунушун киргизген. (SE)

XS
SM
MD
LG