Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Трамп миграциялык саясатты катаалданткан жарлыктарга кол койду


Доналд Трамп
Доналд Трамп

АКШ президенти Доналд Трамп чек ара коопсуздугун камсыз кылууга жана өлкөдө мыйзамсыз жашап жүргөн мигранттардан арылууга багытталган эки жарлыкка кол койду. Бул документтерге ылайык Кошмо Штаттар менен Мексиканын чек арасына дубал курулат жана мыйзамсыз мигранттар эркин жүргөн шаарчаларды каржылоого мамлекеттен акча бөлүү кыскарат. Трамп 25-январдагы телеинтервьюсунда бул чаралар анын шайлоо алдындагы убадаларынын бир бөлүгү экенин, чек ара дубалын куруу бир нече ай ичинде башталарын айтты. Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсер кол коюлган жарлыктардын негизги максаты – чек ара көзөмөлүн жакшыртуу экенин айтты:

- Жарлыктардын биринчиси АКШ менен Мексика ортосунда ири тосмонун курулушуна багытталды. Кеп акылга сыйчу чаралар тууралуу жүрүп жатат. Трамп шайлоо алдында айткандай, дубалдын курулушуна кандай болгон күндө да Мексика төлөйт.

Айрым басылмалардын жазганына караганда, Сирия, Ирак, Иран, Ливия, Сомали, Судан жана Йеменден качкындарды кабыл алуу, аларга виза берүү токтотулат. (RK)

XS
SM
MD
LG