Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Тажикстанда Эмомали Рахмондун сүрөтү акчага түшүрүлөт


Тажикстандын Улуттук банкы Исфара шаарынын жашоочуларынын сунушун кабыл алып президент Эмомали Рахмондун сүрөтү түшүрүлгөн 1000 сомони номиналында акча чыгармай болду. Президенттин элесин сомониге түшүрүү идеясы орто мектеп мугалими Хасанбой Асадовго таандык.

Акчанын бир бетинде Эмомали Рахмондун сүрөтү, бир бетинде Тажикстан Жогорку Кеңешинин “тарыхый” 16-сессиясы өткөн Арбоб Сарайы түшүрүлөт. Бул сессияда Эмомали Рахмон президент болуп шайланган.

Асадов былтыр акчанын эскизин Улуттук банкка жана президенттин администрациясына жөнөткөн. Мугалим Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн урматына 500 сомони номиналындагы алтындан чегилген тыйынды чыгарууну дагы демилгелеген. Бирок ал колдоо табабы же жокпу - азырынча белгисиз.

Эмомали Рахмон быйыл октябрда конституциялык мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү деп табылган.

XS
SM
MD
LG