Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:36

Немис эксперттери: Рахат Алиев киши колдуу болгон


Рахат Алиев
Рахат Алиев

Немис эксперттери казак президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев киши колдуу болгон деген тыянакка келишти.

Германиялык доктор Бернд Бринкманн Алиев Австриянын түрмөсүндө асылып өлгөн деген жыйынтык туура эместигин айтты. Ал Венадагы маалымат жыйынында Алиевдин жакындары ишти кайрадан иликтөөнү талап кылып жатканын билдирди.

Рахат Алиев кезинде Казакстандын Австриядагы элчиси, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчи орун басары болуп иштеген. 2007-жылы ага кылмыш иши ачылгандан кийин президенттин кызы Дарига Назарбаева күйөөсү менен ажырашкан.

Казак бийлиги Рахат Алиевди бийликти алмаштырууга аракет кылган, эки казак банкирин өлтүрүүгө катышкан деп айыптап келген.

Айыптарды четке каккан Алиев 2014-жылы июнда өз эрки менен Австриянын тергөө органдарына келгенден бери абакта кармалып, былтыр февраль айында түрмөдө өлгөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG