Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Азимбек Бекназаров төрт китеп жазды


Азимбек Бекназаровдун жаңы китептери.
Азимбек Бекназаровдун жаңы китептери.

Мурдагы Баш прокурор, ЖК экс-депутаты Азимбек Бекназаров “Мен кыргызмын” деген үч томдугунун эки китебинде Кыргызстан эгемендик жылдарында башынан өткөргөн кош ыңкылапка, андан кийинки учурларга токтолгон. Үчилтиктин 1-томунда 2005-жылдын 24-мартынан кийин бийликке келген Бакиевдер тарабынан революция максаттарынын уурдалып кетиши, конституциялык реформа үчүн күрөш, К. Бакиевдин үй-бүлөлүк “кандуу режими”, автордун өзүнүн катышуусундагы оппозициянын күрөшү жана элдик нааразылыктар тууралуу жазылган.

Ал эми экинчи томдо 2010-жылдын 7-апрелинен кийинки Убактылуу өкмөт, 2011-жылы бийликке келген Алмазбек Атамбаевдин жеке бийлиги, саясий элитадагы келишпестиктер жана башка окуялар тууралуу баяндаган.

“1916-жылкы геноцид” деген китебинде Кыргызстан 20-кылымдын башында башынан кечирген Үркүн окуясы тууралуу баяндаса, “Бизге кандай реформа керек?” деген китебинде маалымат каражаттарына курган маектери, жазган макалаларынын топтому басылган.

Азимбек Бекназаров 2001-жылы ЖК депутаты катары Үзөңгү-Кууш тилкесинин Кытайга берилишине каршы чыгып, ошол кездеги президент Аскар Акаевге импичмент жарыялаган. Көп өтпөй Акаевдик бийлик тарабынан куугунтукталып, камакка алынган. Азимбек Бекназаровду бошотууну жана Үзөңгү-Куушту кайтарып алуу талабы менен 2002-жылы 17-мартта жөө жүрүшкө чыккан элге бийликтен ок атылып, алты киши набыт болгон.

Бекназаров 2005-жылы март ыңкылабынан кийин Баш прокурор, 2010-жылы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттө күч түзүмдөрү боюнча куратор болуп турган. Белгилүү саясатчы быйыл 10-ноябрда 60 жашка толду.(KJ/ZKo)

XS
SM
MD
LG