ЖИА ассоциациясынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, тарбия комплекси эч кандай диний багытты карманбайт, кыргыздын тарбиялык каада-салтын жайылтууга басым жасайт. ЖИА ассоциациясы мектепти ачууга 13 миллион сом сарптаган. Андан тышкары келерки жылы Каракол шаарында кыздар үчүн мектеп ачыла турганын билдиришти. Учурда мындай окуу жайы Чүйдүн Байтик айылында иштеп жатат.
Жети-Өгүз: ишкерлер мектеп ачышты
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында "Кут билим" окуу-тарбия комплекси ачылды. 250 орунга эсептелген мектепти ЖИА жаш ишкерлер ассоциациясы ачты. Быйыл 60 бала билим алып жатат. Ага 7-классты аяктаган эркек балдар гана кабыл алынууда.

1
Тарбия комлекси 250 орундуу. Быйыл 60 окуучу кабыл алынган.

2
Окуу комплексине окуучулар тест тапшырып, мыктылары иргелип алынат.

3
Бир жылдык окуу акысы 55 миң сом.

4
Балдар жатаканада жашайт.

5
Жатакана толугу менен кийинки жылы бүтөт деп пландалууда. Анын курулушуна 5 миллион сом каралган.

6

7

8
“Кут билим” окуу-тарбия комплексинде англис тилинен тышкары араб тилине да үйрөтүшөт.

9
Окуу жайда диний негиздер менен кошо светтик билим берилет.

10

11

12

13
“Кут билим” окуу-тарбия комплекси жеке менчик мектеп. Аны жеке ишкерлер каржылайт.

14
Жети-Өгүз районунун жетекчилиги мектеп үчүн Кызыл-Суу айылында каралбай калган мурдагы кесиптик лицейдин имаратын бөлүп берген.