Ар кандай уюмдардын иликтөөлөрүнө ылайык, өлкөдө этникалык кыргыздар расмий сандан алда канча көп болушу мүмкүн. Тарыхый мекенинде боордоштордун 30 пайызы гана турмушун оңдоп кете алган.
Этникалык кыргыздардын басымдуу бөлүгү Өзбекстандан, Тажикистандан келишкен. Учурда алардын көпчүлүгү Чүй аймагында жашайт.
Боордоштордун тарыхый мекениндеги жашоосун жакшы деп айтууга болбойт. Өлкө жарандыгын эмес, кайрылман макамын алалбай, жашаган үйү жок, медициналык, билим берүү сыяктуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү колдоно албай эптеп күн өткөрүшүүдө.
Этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине кайткан себептери дагы ар кандай. “Бириккен кыргыз” коомдук бирикмесинин жетекчиси Барно Эшматова кайрылмандардын маселесин чечүүгө аракет кылып жүрөт. Айтымында, кайрылмандарды жергиликтүүлөр жектеген учурлар болгон. Азыр карапайым эл түшүнүп, колдон келген жардамын беришет. Бирок, жергиликтүү бийликтен жетиштүү көңүл бурулбай жатат.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, 700 миңден ашуун этникалык кыргыз тарыхый мекенинин сыртында жашап келет. Негизинен алардын көпчүлүгү коңшулаш өлкөлөрдө турушат. Аларга Кыргызстанда атайын кайрылман макамы берилет.