14-октябрда Бурана археологиялык комплексинде Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленди. Анын алкагында түрк каганатынын тарыхын баяндаган музей ачылып, ойчул акындын жашаган доорун, өмүрүн чагылдырган театралдашкан көрсөтүү коюлду. Иш-чарага президенттин, өкмөттүн жана ТҮРКСОЙ уюмунун расмий өкүлдөрү катышты.
Биздин тарых
Жусуп Баласагындын миң жылдыгынан көз ирмем
1
Иш-чара улуу ойчул, акын, саясат таануучу, мамлекеттик ишмер Жусуп Баласагындын доору тууралуу театралдык оюн-зоок менен коштолду.
2
Эски шаар чалдыбарынын бир тарабында энто шаар уюштурулуп, уздар узанып турду.
3
ТҮРКСОЙ уюму тарабынан түрк дүйнөсүндө 2016-жыл - Жусуп Баласагын жылы деп жарыяланган.
4
Баласагын жылы расмий түрдө 2016-жылы февраль айында Стамбулда Кыргызстандын маданият министринин катышуусу менен ачылган.
5
6
Буранадагы иш-чарага катышкан ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун баш катчысынын жардамчысы Фырат Пурташ Кыргызстанда бул иш-чара менен улуу даанышманды эскерүү жылы жыйынтыкталып жатканын айтты.
7
Баласагын жылы боюнча буга чейин Алматыдагы Аль-Фараби университетинде жогорку деңгээлде илимий иш-чара өткөрүлүп, ал бүтүндөй түрк дүйнөсүндө: Македонияда, Түркиянын окуу жайларында уланган.
8
Жусуп Баласагынга жолугуу үчүн кербен менен дүйнөнүн ар кайсы бурчунан аалымдар келип турганы баяндалат.
9
Сахнада даанышмандык менен өкүмдарлыктын, адилеттик менен кара күчтүн атаандаштыгы, бирок сөз баалаган, акыл токтоткон ошол доордогу коомдо кеменгерликтин бааланышы, батыш менен чыгышты байланыштырган кербендердин жүрүшү тартууланды.
10
Оюн-зооко жергиликтүү тургундардан 100 ат алынып, мергенчилер тайгандары, алгыр куштары менен катышты.
11
12
13
14
Баласагын шаары аркылуу өткөн кербендер
15
16
17
18
19
Иш-чарага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, ЖК депутаты Садык Шер-Нияз катышты.
20
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов мааракенин катышуучуларына президенттин куттуктоосун окуп берип жатып, мамлекет башчысы өкмөткө жогорку окуу жайлардын алдыңкы студенттерине Жусуп Баласагын атындагы стипендия уюштурууну сунуштаганын маалымдады.