Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

УКМК Кытай элчилигиндеги жардыруу боюнча кылмыш ишин козгоду


Кылмыш иши террорчулук фактысы боюнча козголгонун УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

30-август күнү эртең менен саат 9:40 чамасында жанкечти-террорчу Кытайдын Бишкектеги элчилигине жардыргыч зат коюлган унаа менен кирип барып, өзүн жардырган. Алдын-ала маалыматтар боюнча, жардыруудан Кыргызстандын эки жараны –элчиликтин кароолчулары жеңил жаракат алышкан.

Окуя болгон жерде УКМКнын оперативдүү тергөө кызматы иштеп жатат.

Бул иш боюнча президент Алмазбек Атамбаев жардырууну иликтөөнүн жүрүшү тууралуу күч органдарынын жетекчилеринин маалыматын угуп, террорчулукка каршы чараларды күчөтүүнү тапшырды. Көп өтпөй, расмий Бээжин Кытайдын Бишкектеги элчилигине жасалган жанкечтинин чабуулун кескин айыптап, кылмыш ишин тыкыр иликтөөнү талап кылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG