Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Риодогу Oлимп оюндары жыйынтыкталды


Олимп оюндарына катышкан Кыргызстан спортчулары.
Олимп оюндарына катышкан Кыргызстан спортчулары.

Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах XXXI жайкы Олимп оюндарын жабык деп жарыялады. Бразилиянын Олимп оюндары комитетинин президенти Карлос Нузман “өз өлкөсү, шаары жана эли менен сыймыктанарын” билдирди. “Маракана” стадионундагы салтанат Олимп эстафетасын 2020-жылы өтүүчү Токио шаарына тапшырып, премьер-министр Синдзо Абе баштаган Жапон делегациясы эстафетаны кабыл алды.

Салтанаттын башынан аягына чейин жаан төгүп турду.

Оюндун жабылыш аземинде Кыргызстандын туусун Азия чемпиону Айсулуу Тыныбекова көтөрүп чыкты. Олимп оюндарынын жабылыш салтанатына кыргызстандыктар Бишкек убактысы боюнча 22-августта, саат 5.00те күбө болушту.

Кыргызстандан Рио Олимпине 19 спортчу катышты. Допингге шектелип, кайра алынган коло медалды эсептебегенде, кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарга жетише алган жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG