Бүгүн 1-июлда Ош-Тамчы авиакаттамы расмий түрдө ачылды. Алгачкы рейс Ысык-Көл жээгиндеги Тамчы айылына Ош эл аралык аэропортунан саат 9:40та учуп кетти. (Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын маалымат кызматы)
Ош - Тамчы авиакаттамы ачылды

1
Бүгүнкү учуу акысыз уюштурулуп, Ош шаарынан 72 жүргүнчү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Тамчыга жөнөп кетишкенин "Азаттыкка" "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Сахиба Кадырова кабарлады.

2
Билет баасы 2100-2800 сом. Былтыр жүргүнчү көптүгүнөн билет баасы 6 миң сомго чейин жеткен учурлар болгон.

3

4

5

6
Былтыр каттам биринчи жолу ачылган. Быйыл туристтик сезон бүткөнчө жумасына эки жолу рейстер каттап турмакчы.

7