Көргөзмөгө келгендер көчмөн элдин күнүмдүк жашоосун чагылдырган сүрөттөрдү көрө алышты. Ошондой эле Ысык-Көлдүн белгилүү адамдарынын жашоосундагы учурлар сүрөттөр аркылуу баяндалды.
Каракол: XX кылымга саякат
Караколдо 24-июнда “Ысык-Көлдүн тарыхый мурасы” аттуу сүрөт көргөзмө өттү. Сүрөттөрдө кыргыздардын XX кылымдын башындагы көл жээгиндеги аймактарда өткөн турмуш-тиричилиги чагылдырылган.

1
Бул сүрөттөрдүн көбүн Орто Азияга келген саякатчылар жана изилдөөчү-окумуштуулар тарткан.

2

3
Көргөзмөгө келгендер өткөн кылымга саякат жасап, элдин жүз жыл мурдагы жашоо-тиричилиги менен тааныша алышты.

4

5

6
Иш-чара 24-июнда Ы. Туманов атындагы музыкалык окуу жайында өттү.

7

8

9
Көргөзмөнү Каракол туроператорлор ассоциациясы, VisitKarakol долбоору, “Көчмөн” коомдук фонду жана Ысык-Көл облустук архиви уюштурду.

10

11

12

13