Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Ташкенде ШКУ саммити аяктады


ШКУ саммитинин катышуучулары.
ШКУ саммитинин катышуучулары.

Ташкенде 24-июнда өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин саммитинде өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү, эл аралык коркунучтарга, чакырыктарга каршы күрөшүүгө багытталган 20га чукул документке кол коюлду.

ШКУнун 15 жылдыгына арналган Ташкен декларациясы кабыл алынды. Документте уюмду 2025-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жоболору жазылган. Мындан тышкары Пакистан менен Индияны ШКУнун толук кандуу мүчөлүгүнө кабыл алуу боюнча меморандум түзүлдү.

Уюмдун он бешинчи мааракелик саммитине Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери, байкоочу мамлекеттер - Монголия, Беларус, Индия, Ооганстан лидерлери жана Иран, Пакистандын расмий өкүлдөрү катышты.

Келерки жылы уюмга төрагалык кылуу милдети Казакстанга өткөрүлдү. ШКУнын кийинки саммити 2017-жылдын 8-9-июнунда Казакстанда өтмөй болду. (NT)

XS
SM
MD
LG