Ага "Нургазынын кыялы" тасмасынын каарманы Нургазы Жакшылыкбек уулу, тасманын автору, "Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаев жана демөөрчү катары барган "Элим, барсыңбы?" фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов катышты.
"Нургазынын кыялы" Webby сыйлыгын алды
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү.

1
Нургазынын кыялы кыргызстандыктарды гана эмес, дүйнөнү да кайдыгер калтырбай эл аралык Webby Awards, башкача айтканда, Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип алды.

2
“Кыял” тасмасында Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну, тубаса майып Нургазынын тагдыры сүрөттөлгөн.

3
Ал айыл жеринде мектепке араба менен кыйналып жеткени, жакшы билим алгысы келгени тууралуу кыялдарын "Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаевге айтып берген.

4
Тасма коомчулукка жарыялангандан кийин "Элим, барсыңбы?"
коомдук фондунун ыктыярчылары ага квадроцикл белекке беришкен.
коомдук фондунун ыктыярчылары ага квадроцикл белекке беришкен.

5

6
Нургазы Webby Awards сынагынын жеңүүчүлөргө сыйлык берүү аземинде.

7
(солдон оңго) Улан Эгизбаев, "Азаттыктын" кабарчысы, Нургазы Жакшылыкбек уулу жана "Элим, барсыңбы?" фондунун жетекчиси, демөөрчү Хабиб Арзыкулов Webby сыйлыгын алууга даярданып жатышкан кези.

8

9

10
Нургазы Атлантика океанынын жээгинде.

11

12
Түнкү Нью-Йорк.

13
Нургазыны Нью-Йорктун полиция кызматкерлери да таанышып, аны менен сүрөткө түштү.

14