Кыска метраждуу "Кыял" видеоролигинин баш каарманы азыр Нью-Йоркто. Анын катышуусундагы ролик эл аралык Webby Awards сынагынын эл көп добуш берген "Эң мыкты видео" номинациясын жеңип алды.
Webby Awards. Нургазынын кыялы

1
"Кыялда" Кочкор районунда жашаган тубаса майып бала Нургазы тууралуу кеп болот. Ал айыл жеринде мектепке араба менен кыйналып жетет. "Элим барсыңбы?"
коомдук фондунун ыктыярчылары ага квадроцикл белекке бергенден кийин Нургазы сабакка кечикпей барууга убада берген.
коомдук фондунун ыктыярчылары ага квадроцикл белекке бергенден кийин Нургазы сабакка кечикпей барууга убада берген.

2
Бишкектин аэропортунан АКШны көздөй сапар тартуу.

3
Ролик беш мыкты видеонун тизмесине кирген. "Кыял" үчүн 2 миллион 300 адам добуш берген. Сынакка баш-аягы 65 өлкөдөн 13 миң видео жиберилген.

4
Нургазы тууралуу видео социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан. "Учур" долбоорунун Фейсбуктагы баракчасында 236 341 жолу көрүлүп, 4172 жолу бөлүшүлгөн. "Аль-Жазира" телеканалы аны англис тилине которгон. Каналдын баракчасында аны 790 024 көрүшүп, 5 миң 396 жолу бөлүшкөн.

5
Нургазы Нью-Йоркто.

6
Нургазы, Уланбек Эгизбаев жана "Элим барсыңбы?" коомдук фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов.

7
Нургазы менен Хабиб Арзыкулов.

8

9
Нургазы Нью-Йорктогу полиция кызматкерлери менен.

10

11
Webby Awards сынагынын сыйлыгын алууга бир саат калганда.