Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Бүбүйра апага Улуттук университеттин Ардактуу профессору наамы тапшырылды


Бүбүйра Кыдыралиева "Ата-Бейитте", 2013-жыл
Бүбүйра Кыдыралиева "Ата-Бейитте", 2013-жыл

Наам Бүбүйра Кыдыралиевага “Тарых жана маданият жылына” байланыштуу берилди. Ал репрессия курмандыктары кайда көмүлгөндүгүн айтып, “Ата-Бейиттин” сырынын ачылышына себепчи болгон. Профессор наамын тапшыруу аземи университетте окумуштуулар кеңешинин катышуусунда өттү. Бүбүйра Кыдыралиева университет жетекчилигине ыраазылыгын билдирди.

Салтанаттуу наам тапшыруу аземинен кийин Бүбүйра апа менен студенттердин жолугушуусу болду. Анда Бүбүйра Кыдыралиева өткөн замандагы оор күндөр, "Ата-Бейит” кандайча ачылып калганы тууралуу жаштарга кенен маалымат берди.

Мындан 78 жыл мурун Бишкектин чет жагында атып өлтүрүлгөн репрессия курмандыктарынын сөөгү жаткан жерди Бүбүйра Кыдыралиева 1990-жылы ачыкка чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG