Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Азамат Мурзалиев “Панама документтери” боюнча комментарий берди


"Панама документтери".
"Панама документтери".

Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму жарыялаган “Панама документтери” аттуу баяндамада аты аталган “Альфателеком” компаниясынын мурдагы башкы директору Азамат Мурзалиев оффшордо катталган компанияга катышы боюнча комментарий берди.

Мурзалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 2000-жылдардын башында Кипрде катталган эл аралык холдинг компания түзүлгөн. Аталган компания Борбор Азия өлкөлөрүндө иш кылууну көздөп, Мурзалиев жана башкаларды жумушка чакырган.

“Аталган компания убагында жумушка чакырган болчу. Бирок компания каттоодон өткөнү менен ишке кирбестен эле кайра жабылган”,- деди Мурзалиев.

Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму 9-майда жарыялаган документтерде Sheracson Consulting Inc. аттуу компаниянын акционерлери катары "Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Аман Тентиев, “Альфателекомдун” мурунку башчысы Азамат Мурзалиев, Эрмек Исманкулов, Руслан Турбатов, Алия Керимбаева, Жахонгир Жураев аттуу кыргызстандыктар көрсөтүлгөн.

2010-2011-жылдары Азамат Мурзалиев “Альфателеком» компаниясынын башкы директору болуп эмгектенген. Кийин ал ишканага ири өлчөмдө акчалай зыян келтирди деген айып менен камакка алынып, кийин бошотулган.(BkA)

XS
SM
MD
LG