Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Текебаев: БУУнун сунушу көрсөтмө эмес


Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитетинин Азимжан Аскаров боюнча чакырыгын аткарууга милдеттүү эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев сот реформасы боюнча курган маалымат жыйында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Кыргызстан БУУнун комитетинин пикирин эске алышы керек. Бирок алар аны аткаруу боюнча түз көрсөтмө бере албайт. Уюмдун билдирүүсүн сунуш катары кабыл алуу керек.

Текебаев Жогорку Сотун Аскаровдун иши кайра каралат деген чечими тууралуу да көз карашын айтты. “Бул Аскаровду бошотуу дегенди түшүндүрбөйт. Жогорку Сот анын абакта кармалган шартын, процессуалдык мыйзам бузууларды кайра карап чыгат”.

Ошондой эле БУУнун мындай билдирүүсүнө Кыргызстан жооп кайтарбай кое албастыгын белгиледи.

Улуттар Уюмунун Адам укуктары комитетинин эксперттери 20-апрелде Азимжан Аскаровду абактан бошотуп, аны айыптаган өкүмдү жокко чыгарууга, зарыл болсо жаңы соттук жараян жүргүзүүгө Кыргызстанды чакырган. Кечээ Жогорку Сот Аскаров арыз менен кайрылса, жаңы жагдайларды териштирип көрүүгө даярдыгын жарыялады.

Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында улуттук кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган. (NT)

XS
SM
MD
LG