Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Трамп менен Клинтонго ийгилик жылмайды


Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон
Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон

19-апрелде Нью-Йоркто өткөрүлгөн праймеризде Хиллари Клинтон жана Дональд Трамп жеңишке жетти. Ошону менен эки лидер күзүндө боло турган шайлоодо беттешет деген божомолдор ишке ашуусуна дагы бир кадам ташталды.

Нью-Йорктогу праймеризге демократтардан талапкерлик үчүн күрөшүп жаткан Хиллари Клинтон да, республикачылардан талапкер болууга умтулуп жаткан Дональд Трамп да чоң маани берип жаткан. Анткени бул шаардан жеңишке жетишкен демократ талапкер 291 добуш алса, республикачы 95 добуш алмак.

Праймеризде Дональд Трамп партиялык шайлоочулардын 60% добушун алып, жакынкы атаандаштары сенатор Тед Круз жана Огайо штатынын губернатору Жон Кейсикти артка калтырды. Тед Круз 15%, Кейсик 25% добушка ээ болду. Ошону менен Трамп 95 добушту "чөнтөгүнө" салып кетти.

Хиллари Клинтон да Нью-Йоркто жеңишке жетишип, куйрук улаш келаткан атаандашы сенатор Берни Сандерсти артка калтырды. Хиллари Клинтон 58% добуш алса, Сандерс 42% тегерегинде добуш алды.

Ошентип, Нью-Йоркто жеңишке жетишкен Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон өз партияларынан расмий талапкер болуу мүмкүнчүлүгүн дагы бекемдеди.

Бүгүнкү күнгө карай, Дональд Трамп праймериздерде 847 добуш топтоп, зарыл болгон 1237 добушту алууга жакындаса, Хиллари Клинтон да 1930 добушка ээ болуп, зарыл болгон 2383 добушту топтоодо марага жакындоодо.

Нью-Йорктогу праймериздин жыйынтыгынан кийин Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон бири-бирин гана атаандаш көрүп жатканын билдиришти.

Дональд Трамп республикачыл атаандаштары Тед Круз жана Жон Кейсикти иш жүзүндө жеңгенин жарыялады:

- Мен теледен көргөнгө караганда жарыш аягына чыгып калды. Сенатор Тед Круз эсеп боюнча утулду. Биз Нью-Йоркту сүйөбүз.

Демократиялык партиянын талапкеринин ким болору да чечилип калганын Хиллари Клинтон белгиледи:

- Демократиялык партиядан талапкер көрсөтүү аягына келип калды жана жеңиштин карааны көрүнүүдө.

Ал эми Хилари Клинтондун жалгыз атаандашы сенатор Берни Сандерс Нью-Йоркто жеңилгенин моюнга алып, бирок күрөш уланарын билдирди:

- Ошентип биз өткөн түнү жеңилдик. Келерки жумада беш праймериз болот. Биз анда ийгиликке жетүүгө аракеттенебиз жана жеңишке жол чабабыз. Ага жетишүү үчүн күрөшөбүз.

Берни Сандерс ошондой эле Нью-Йоркто добуш берүүнүн шартына тынчсыздануусун билдирип, келечекте ал өзгөрөрүнө үмүт артты. Нью-Йорктогу добуш берүүдө башаламандык орун алганы жана арыздангандар көп болгону кабарланды.

Кошмо Штаттардын президентин шайлоо тартибине ылайык июль айында партиялардын курултайы болот. Мына ошол курултайга чейин талап кылынган өлчөмдө добуш топтогон талапкер партиянын расмий талапкери катары тандалып алынат.

Ал эми президенттик шайлоонун өзү ноябрда өтмөкчү. Партиялык ички шайлоолор көрсөткөндөй күзгү шайлоодо Клинтон менен Трамптын бет келишүүсү көбүрөөк мүмкүн болуп баратат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG