Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Атамбаев: Араб ишкерлерине үмүт артабыз


Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмирлигинин энергетика министри Сухейл Мохамед Фарадж Аль Мазруи баштаган делегация менен жолукту.

Жолгушууда президент БАЭнин инвестициялык өкүлдөрүнүн Кыргызстанга сапары биргелешкен долбоорлорго жол саларына үмүт артарын билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын орчундуу багыттары, биринчи кезекте соода-экономикалык чөйрөдө, жеӊил жана кайра иштетүү тармагында жана айыл чарбасында биргелешкен аракеттерди жандантуу зарылдыгына токтолушту.

Учурдан пайдаланып президент Алмазбек Атамбаев делегация мүчөлөрүн быйыл сентябрда Ысык-Көл облусунда өтө турган II дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына келип катышууга чакырды.

Араб Эмирлигинин энергетика министри башында турган делегация Кыргызстанга кечээ келген. Жалпысынан 29 адамдан турган делегациянын иш сапары бүгүн аяктайт. (SDz)

XS
SM
MD
LG