Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Коалициялык көпчүлүк өкмөт башчылыкка Сооронбай Жээнбековду колдоду


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген төрт фракция премьер-министрликке көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоду.

Акыркылардан болуп “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекендин” депутаттары фракциянын отурумунда анын талапкерлигине макул болушту.

Сооронбай Жээнбеков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өзү премьер-министрге талапкер катары көрсөтүлөрүн буга чейин ойлобогонун, анын талапкерлиги партиянын чечими менен сунушталганын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков учурдагы парламенттин спикери Асылбек Жээнбековдун бир тууган агасы болгондугуна байланыштуу “төраганын орду кандай болот” - деп суроо салган депутаттар дагы болду. Мындай суроого “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев:

- Бул маселе чечилген. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп шайланса, спикер Жээнбеков өз ыктыяры менен арызын жазып ордун тапшырарын билдирди. Бул тууралуу бизге Асылбек Шарипович өзү айтты, - деп жооп берди.

2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин дээрлик 5 жыл өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген Жээнбеков өткөн жылдын акырында Кадр кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Ал эми ушул жылдын 23-мартында президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары кызматына бекиген. (SDz)

XS
SM
MD
LG