Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Өспүрүмдөр Сирияга интернеттен азгырылууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын жетекчи орун басары Раим Салимов билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстандан Сирияга 135 өспүрүм кеткен, анын ичинде 71и кыз, 65 эркек балдар:

- Көбүнчөсү интернет аркылуу азгырылгандар. Интернеттен идеологияга азгырылып кетишет. Ошондой эле ата-энеси менен кеткендер да бар. Балдарды Сирияга азгыруунун бир максаты – аларды даярдоо үчүн көп каражат талап кылынбайт, ИМ тобу аларды кийинкиге даярдайт. Балдар үчүнчү бир өлкөлөргө атайын киргизилип, согушчандардын тапшырмаларын аткарышат.

Раим Салимов Сирияга жана Иракка балдардын агымын азайтуу жана ар кандай коркунучтардын алдын алуу үчүн экстремизм жана терроризмге байланыштуу мыйзамдарды катаалдантуу зарылчылдыгын белгилейт.

УКМКнын расмий маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү Сирия жана Иракта Кыргызстандан барган 10 жашка толо элек 85, 14 жашка чейинки 25 бала, 16 жашка чейинки 11, ал эми 18 жашка толо элек төрт улан-кыз бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG