Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Өзбекстан Кыргызстандын нааразылык нотасына жооп кайтарды


Кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу кыргыз тарап 18-мартта жөнөткөн каршылык нотасына Ташкенттен жооп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлоодо.

Маалыматка караганда, "Ала-Бука районунун Кербен – Ала-Бука автожолунун 20-чакырымында ( “Чаласарт” деп аталган такталбаган кыргыз-өзбек чек ара аймакта) кыргыз тарапка алдын ала билдирбестен жана макулдашпастан жолду жаап өзбек аскер кызматкерлери кыргыз жарандарынын документин мыйзамсыз текшерүү жүргүзгөндүгүнө карата нотага Өзбекстан тосмолорду алуу, куралдуу күчтөрүн жана аскердик техникасын чыгаруу боюнча маселелерге жооп берген эмес".

Болгону, Өзбекстан өзүнүн кадамын Нооруз майрамына карата чек араны бекемдөө ниети менен гана түшүндүрүүдө. Кыргыз тарап тактала элек тилкеде мындай аракеттерге баруу мыйзамсыз экенин дагы бир ирет эскертип, конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү улантууга даярдыгын билдирип дагы бир нота жөнөттү. (RK)

XS
SM
MD
LG