Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

ЖККУ кыргыз-өзбек чек арасындагы абалды талкуулайт


Жалал-Абад облусундагы Кербен - Ала-Бука жолу
Жалал-Абад облусундагы Кербен - Ала-Бука жолу

ЖККУнун Туруктуу кеңешинин 22-марттагы жыйыны Кыргызстандын демилгеси менен өтүп, анда кыргыз-өзбек чек арасындагы абал талкууланарын бүгүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Москвада, ЖККУнун катчылыгында өтүүчү жыйында Кыргызстандын өкүлү Аман Мамбетсеитов уюмдун калган мүчөлөрүн кыргыз-өзбек чек арасынан Аксы районунун бөлүгүндө түзүлгөн кырдаал менен тааныштырмакчы.

Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев 21-мартта түштөн кийин “Азаттыкка” билдиргендей, кырдаал өзгөрүүсүз:

- Кырдаал ошондой эле, болгону биринчи күндөрү эки тараптан тең 30-40тай аскер турган. Азыр 8ден гана чек арачы турат ар бир тараптан. Мындан сырткары жолдо эки тараптан экиден бронетехника бар.

Райымбердиев ошондой эле азыр кыргыз-өзбек чегиндеги өткөрмө бекеттердин баары жабыктыгын, бир гана Кызыл –Кыя өткөрмө жайы иштеп жатканын кошумчалады.

Жалал-Абад облусундагы Кербен - Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө өзбек чек арачыларынын тобу аскерий техникасы боюнча 18-марттын таңында кирип алган. Аталган аймактагы 38 гектар жер тактала элек, Кербен – Ала-Бука автожолунун 1800 метри ошол такталбаган аймакка кирет.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Ташкенге наарызылык нота жөнөткөн, бирок расмий жооп боло элек. (UE)

XS
SM
MD
LG