Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

УКМК: Мамкаттоодогу жемкорлук аныкталды


Мамлекеттик каттоо кызматында чет элдик жарандарга айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз жазып берүү факты боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мамкаттоо кызматкерлери Бишкектеги автомектептер менен бирге "жасалма күбөлүк жаздыруу боюнча туруктуу механизм" иштеп чыгып, окутпай, экзамен тапшыртпай документ жазып берип турган. Мисалы, 2014-жылы өзүлөрү Кыргызстанда жок болсо да эки кытайлык жаранга күбөлүк берилген.

Окуя боюнча териштирүү жүрүп жаткан маалда, атайын кызматтын билдиргенине караганда, Бишкек автомектебинин жетекчи орун басары УКМКнын текшерүүчүлөрүнө 2 миң доллар пара сунуштаганы үчүн кармалып, тергөө абагына камалган.

Мындан тышкары былтыр чет элдик жарандарга жасалма айдоочулук күбөлүк берүү фактына байланыштуу 2 кылмыш иш козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG