Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Ысык-Көлдө “Йакын Инкар” диний тобунун мүчөлөрү көбөйүүдө


Уруксат албай дааватка чыкты деген кине менен "Йакын инкар" жамаатынын мүчөлөрү буга чейин да кармалган. Ысык-Көл, февраль, 2015-жыл
Уруксат албай дааватка чыкты деген кине менен "Йакын инкар" жамаатынын мүчөлөрү буга чейин да кармалган. Ысык-Көл, февраль, 2015-жыл

Ысык-Көлдө өз алдынча дааватка чыккан "Йакын инкар" жамаатынын мүчөлөрү көбөйүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери Жеңишбек Абыканов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, "Йакын инкар" диний тобу муфтияттын дааватка чыгуу боюнча талаптарына баш ийбей, үгүт иштерин уруксатсыз уюштуруп келет жана өздөрүн гана исламдын туура агымыбыз деп санашат.

Бул топтун мүчөлөрү негизинен облустун Ак-Суу,Түп райондорунун жана Каракол шаарынын тургундары. Расмий маалымат боюнча анын 73 мүчөсү каттоого алынган. Административдик кодекстин 399-беренеси боюнча, динди жамынып туура эмес үгүт жүргүзгөндөргө 500 сомдон 5000 сомго чейин айып пул салуу каралган.

"Йакын инкар" диний тобу Кыргызстанда дааватчылык деп таанылган "Таблиги жамаат" кыймылынан бөлүнүп чыккан топ катары айтылып келет. Анын мүчөлөрү чачтарын адаттан тыш өстүрүп, узун кийим кийип жүрүшөт жана дүнүйө иштерин четке сүрүп, бир гана диний амалдар менен алек болуш керек деп санашат.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун имамдары бул топтун диний жана мыйзамдык талаптарга шайкеш келбеген аракеттери бар экенин айтышкан. (AsM)

XS
SM
MD
LG