Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:13

“Сүтак” тасмасы “Оскарга” ат салышууда


"Сүтак" фильминен үзүндү
"Сүтак" фильминен үзүндү

Америка киноакадемиясы 81 тасма “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты чет элдик тасма” багыты боюнча ат салышып жатканын жарыялады. Тасмалардын арасында кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкадыровдун “Сүтак” фильми, казак режиссеру Ермек Турсуновдун “Бейтааныш”, орус режиссеру Никита Михалковдун “Күн нурунун соккусу” сыяктуу кинолору бар.

“Оскар” тапшыруу аземи 2016-жылдын 28-февралында өтөт.

"Сүтак" тасмасы жакында "Киношок" эл аралык фестивалында баш байгени жеңип алган. Анда тоодо жашаган көчмөн үй-бүлөнүн окуясы тартылган.

Өткөн жылкы “Оскарга” Кыргызстандан “Курманжан Датка” фильми сунушталган, бирок жеңген эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG