9-октябрда “Азаттык” үналгысынын Улуттук демократиялык институттун «Жаш добуш» долбоору менен биргеликте өткөргөн “Мен добуш берем” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун алдында уюштурулган сынак кыргыз жана орус тилдеринде эки платформада өттү. Ага жалпысынан 20дан ашык видео келип түшкөн. Ошондой эле социалдык тармактарда ондогон посттор жазылды.
"Мен добуш берем" сынагынын жеңүүчүлөрү

1
Асейин Маданбеков менен Элвира Акимова. Асейин Маданбеков Фейсбукка жазган пост үчүн, ал эми Элвира Акимова "Добушуңду тыйынга сатпа" видеосу үчүн жеңүүчү деп табылып, баш байге - iPhone 6 үлгүсүндөгү телефондорун алышты.

2
"Азаттыктын" сынагына кызыктуу видео тартып, пост жазгандар. Сынактын бардык катышуучуларына кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

3
Сынактын катышуучулары. "Азаттыктын" сынагына катышкандардын арасында мектеп окуучулары да болду.

4
Сынактын жеңүүчүлөрүнө берилген үч башкы сыйлык

5
Улуттук демократиялык институттун директору Алан Лэинг. Анын айтымында, бул сынак таланттуу кыргыз жаштары көп жана алар өлкөнүн келечеги үчүн кайдыгер эмес экендигин көрсөттү.

6
Элвира Акимовага Алан Лэинг башкы сыйлыкты тапшырууда.

7
Эрмек Адылбеков - Улуттук демократиялык институттун менеджери.

8
Асейин Маданбеков

9
Сүрөт боюнча сынактын жеңүүчүсү - Дастан Ниязов. "Мен добуш берем, а сенчи" сүрөтү үчүн жеңүүчү деп табылды.

10
Сынактын катышуучуларынын бири.

11
Сынакка келген материалдардын көпчүлүгүн аймактардагы жаштар жөнөттү.