Ички мигранттардын турмушу
Ош: ички мигранттардын муң-зары
Ош шаарында каттоосу жок жашаган 250 миңдей ички мигрант бар экени айтылып жүрөт. Алардын так саны тууралуу расмий маалымат жок. Айрымдары бир канча жылдан бери мамлекетке таандык имараттарда жашаса, башкалары өз шартына жараша убактылуу баш паанек табышкан. Эксперттердин билдиришинче, Оштогу ички мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүгө каттоо тууралуу мыйзамдар тоскоолдук кылууда. Акыркы төрт жылдан бери ички мигранттардын укуктарын "Эдвокаси" борбору коргоп келет.

1
Оштогу "Чайка" деп аталган жатаканада 24 жылдан бери убактылуу жашап жаткан Орозбек бул жердеги 54 үй-бүлөгө баш-көз болот.

2
Оштогу №16 кесиптик лицейге караштуу "Чайка" жатаканасы. Мунун жарымында 90-жылдагы Ош коогалаңында шаардан качып чыккандар, жарымында лицейдин студенттери жашайт. Дагы бир бөлүгүндө "Барчын" деп аталган санаторий жайгашкан.

3
Бул - Ош шаарынын Салиева көчөсүндөгү №6, №8, №10 үй-бүлөлүк жатаканалардын короосу. Жатакана көп кабаттуу болгонуна карабай таза суу короодо гана бар.

4
Ичинде таза суусу, ажатканасы, газы жок жатаканаларда жашаган ички мигранттар укук коргоочу бейөкмөт уюмдарга арыз-арманын айтышууда.

5
Оштогу ички мигранттар жашаган көп кабаттуу жатаканалардын короосунда ушундай жупуну бастырмада чоң очоктор бар. Бул жерде конок тоскон маалда тамак даярдашат.

6
Ички мигранттар жашаган жатакананын үй башчысы Дарила Жолдошева өзү жашаган жатаканадагы кооптуу абалды көрсөтүп жатат.

7
Ички мигранттар жашаган жатаканалардын полдору чирип, караңгыда басуу кооптуу болуп калган.

8
Ички мигранттар жашаган үй-бүлөлүк жатаканалардын баары бир бөлмөлүү. Анда жашагандар тар бөлмөнү фанер менен экиге бөлүп, бирин жатакана, экинчисин ашкана кылып алышкан.

9

10
Ош шаарынын Салиева көчөсүндөгү бир нече көп кабаттуу жатаканага жалгыз ажаткана бар.

11
Быйыл Ош шаарында президенттин жана Ош шаардык мэриясынын көмөгү менен 21 балдар аянтчасы курулган. Анын бирөө ички мигранттар жашаган жатаканалардын короосунда курулду.

12
"Чайка" жатаканасындагы ички мигранттар ушул күнгө чейин шаарда катталган эмес. Ошондуктан булардын балдары да мамлекеттен эч кандай жөлөкпул алышпайт.

13

14
Ички мигранттар көбүнчө Ош шаарынын чет жакаларындагы шарты начар, баасы арзан жерлерден орун алышкан.

15
Мурун Дача, азыр Алай-1, Алай-2 деп аталган конуштагы үйлөрдүн көбү орустардан калган. Бул айылда азыр да ФАП, мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык мекемелер жок. Конушта болсо беш миңдей киши жашайт.

16

17
Мурда Ош шаарына да, Кара-Суу районуна да карабаган Дача айылынын Ош шаарынын карамагына өткөнүнө үч жыл болду. Учурда Ош мэриясы ал айылга таза суу насосун куруп жатат. Бул айылдагы 5 миңге жакын киши ушул күнгө чейин сууну каналдан алып келишет.

18

19
"Эделвейс" деп аталган дачаны конушка айландырган ички мигранттар ар кайсы донордук уюмдардын жардамы менен заманбап ФАП курдурушкан. Бирок ал кадрдын жоктугунан иштебей турат.