Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Шайлоого 600дөн ашуун эл аралык байкоочу көз салууда


Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 607 байкоочу көз салууда. Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди. Анын айтымында, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюмунан 256, КМШдан 136, Шайлоочулардын эл аралык ассоциациясынан 55 байкоочу иштөөдө.

Боршайкомдун маалыматында, республика боюнча жалпысынан 2 миллион 761 миң 297 шайлоочу катталды. Кошумча тизмеге Ош шаарында 27 миң, Бишкекте 79 миң 195 жаран кирди. (JM)

XS
SM
MD
LG