Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

Кремль Сирияга аскер жиберүүнү караштырып көрөт


Кремль, Москва шаары.
Кремль, Москва шаары.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков эгер Дамаск өтүнүч жибере турган болсо, Орусия Сирияга аскер жиберүүнү караштырып көрөрүн, бирок азыр бул маселе божомол түрүндө гана экенин билдирди. Бул тууралуу орус медиасы жазып чыкты.

17-сентябрда Орусия АКШ менен анын союздаштарын "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен күрөштө Сирия өкмөтүн шериктеш деп эсептөөгө чакырган. Буга чейин АКШ Мамлекеттик департаменти менен Пентагон "Орусия Сириянын Латакия провинциясында аскер базасын куруп жатышы мүмкүндүгүн" билдирген эле.

Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем ушул бейшембиде Сириядагы согушка орус аскерлери катышып жүрөт деген маалыматтарды четке каккан. Бирок ал Дамаск эгер муктаждык болсо Орусиядан аскерий көмөк сурарын айтты.

Ушул эле күнү Reuters агенттиги Сирия армиясындагы булакка таянуу менен козголоңчулар менен болгон соңку айлардагы кагылыштарда бир аз жерин алдырган Сирия аскерлери Орусия жиберген жаңы курал-жарактарды колдоно баштаганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG