Бишкектеги соода борборлорунун биринде “Бишкек базарларындагы көрүнбөгөн балдар” аттуу сүрөт көргөзмө өтүп жатат. Ага жергиликтүү жана чет элдик сүрөтчүлөрдүн Дордой жана Ош базарларында иштеген өспүрүмдөрдүн жашоосу тууралуу тарткан эмгектери коюлду. Көргөзмө коомчулукка эч жерде катталбаган, билим алганга мүмкүнчүлүгү жок, бир да тизмеге катталбаган балдардын көйгөйүн көрсөтүү максатын көздөйт. Иш-чарага көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдөгү базарда иштеген балдар да келип катышты.
Бишкектин базар балдары

21
Көргөзмө кыйын шартта чоңоюп жаткан балдардын тагдырын чагылдырган театралдык оюн коюудан башталды.

22
Иштеген балдар үчүн жетиштүү үй-бүлөлөрдүн балдарынын кадимки кубанычтарына жетүү кыйын. Алардын негизги максаты шаар жеринде тирилик кылып кетүү.

23
Бул кыздын апасы баспайт. Ал бир үй-бүлөнү багууга, апасына дары-дармек алууга жана ижара акысын төлөш үчүн иниси менен Ош базарынан пластик бөтөлкө, кагаз куту терип иштейт.

24
Балдарды коргоо борбору базарларда балдар жана ата-энелер аткарган оор жумуштарга караганда жеңил, кирешелүү жумуштарды сунуштайт.

25
Көргөзмөнүн ачылышында сүрөттөгү каармандардын тагдырына байланыштуу театралдык постановка көрсөтүлдү. Анда 6-7 жаштагы атасы Орусияга кеткен окуучу кыздын базарда кагаз куту терип жүргөн учурундагы кыйынчылыгы баяндалат.