Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

АКШда эки журналистти түз эфирде атып кетишти


АКШнын Виржиния штатындагы WDBJ7 телеканалынын журналисттери Элисон Паркер жана Адам Уорд 26-августтун таңында өлтүрүлдү. Журналист менен операторду Бедфорд шаарында түз эфирде маек алып аткан учурда атып кетишкен. Бул тууралуу телеканалдын жетекчилиги журналисттерге кабарлады.

Эфир жүрүп жатканда ок атылгандан кийин оператордун камерасы колунан ыргып кетип, кыйкырыктар угулганы көрсөтүлгөн. Полиция кол салган адамды издеп баштаганын билдирүүдө.

Телеканалдын башкы менеджери Жеффри Маркс журналисттердин өлтүрүлгөнүнүн себеби азырынча белгисиз экенин айтууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG