Башкы прокуратуранын мурдагы имараты 2010-жылдагы апрель окуясында толугу менен күйүп кеткен. Андан бери беш жыл өтсө да имарат дале кароосуз бойдон. Учурда ичи таштандыга толуп, өрттөнгөн буюмдардын калдыктары ошол бойдон калган. Учурда иараттын бир бурчунда Бакыт Чегирткеев атуу нарындык жигиттин жакындары баш калкалашат.