Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Кремл Надежда Савченкону эч кимге, эч нерсеге алмашпайт


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Кремл орусиялык эки журналисттин өлүмү үчүн айыпталып, Орусиянын абагында жаткан учкуч Надежда Савченкону Крымга транспорттук коридор үчүн алмашат деген маалыматты четке какты. Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маалыматты “имиш” деп баалады.

Шаршембиде Украинанын улуттук коопсуздук мекемесинин башчысы Юрий Тандит "Громадскье ТВ" телеканалынын эфиринде Савченкону Ростов-на-Донудан түз Крымга жол ачууга алмашуу сунушу Владимир Путиндин айланасындагы ага жакын адамдардан түшкөнүн айткан.

Надежда Савченко учурда Новочеркесстеги №3 тергөө абагында отурат. Ал өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG