Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:07

Бишкек-Ашхабад аба каттамы ачылат

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун жолугушуусу учурунда унаа байланышын жакшыртуу жайында да кеп болду.

Тараптар Бишкек-Ашкабат аба каттамы жакында ачыларын ырасташты. Азыркыга чейин бардык документтер, сүйлөшүүлөр аягына чыккан. Бул тууралу “Азаттыкка” Кыргызстандын унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев билдирди.

Түркмөн президенти Бердымухаммедов  5-августта мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келди. Эки тараптуу жолугушууда 15 келишимге кол коюлду. (SDz)

XS
SM
MD
LG