Нарын районунун Оттук айылынын тургуну Жүдөмүшов Жүрөркул үй-бүлөсү менен курут жайганды быйыл эле баштаган. Анын апасы көп жылдан бери курут жайып, пайда таап жүргөн. Апасы быйыл курут бизнесин токтоткондуктан бул ишти өз колуна алууну чечкен.
Нарындагы курут бизнеси
Нарында курут жайып, кургатып, бизнес кылгандар акыркы жылдары көбөйүүдө.

1
Жүрөркул кадимки эт туурагычтын башына бөтөлкөнү кесип, курут жасоого ылайыкташтырып алган.

2
Жүрөркул сүзмөнүн ар бир килограммын 25 сомдон сатып алат. Айыл тургундары Жүрөркулдун сүзмө жайарын билгендиктен күнүнө үйүнө алып келип өткөрүп кетишет.

3
Бир күндө 20 кг чейин сүзмө сатып алат.

4
Бир күндө 20 кило сүзмөгө чейин жуурушуп, курут жасашат.

5
Сүзмөгө туз айран кезинде эле салынып, суусу агызылат. Анткени туз жакшы аралашат.

6

7
Эт туурагычтан өткөн сүзмөнү бирдей көлөмдө бөлүү үчүн атайын кадимки зымды жыгачка байлап ыңгайлаштырып алышкан.

8
Бөлүнгөн сүзмөлөр бирдей көлөмдө болот

9
Айнектин бетине сүзмөнү коюп куруттун формасы чыгарылат.

10
Жүрөркул курут жайганды быйыл эле баштаган. Ал буга чейин апасы көп жыл бою курут кургатып, бизнес кылып жүргөнүн айтат.

11
10 кило сүзмөдөн 3 кило курут чыгат. Алгач сүзмөнү курут кылып даярдаганда көлөмү чоң болуп, кургаганда кичирейип калат.

12
Жүрөркул даяр болгон курутун Бишкек шаарына алып барып, килограммын 130-150 сомдон өткөрүп келет.

13
1 жылда 1 тоннага чейин курут кургатышат.

14

15