Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:17

“Шабдан баатыр” тасмасынын сценарийи толукталат


“Шабдан баатыр” тарыхый-көркөм тасмасына сценарийдин 6-варианты жазылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” фильмдин тарыхый консультанты Аскар Беделбаев маалымдады. Азыркы учурда тарыхчылар “Кыргызфильм” студиясы менен биргеликте иш алып барууда. Чыгармачыл топ, тарыхчылардын эскертүүлөрүн оңдоп чыгууга убада бергендиктен сценарий толукталып жатканын айтышты.

- Азырынча “Шабдан баатырды” тартышка мен да, башка тарыхчылар да бүтүмүбүздү бере элекпиз. Биздин эскертүүлөрдү эске алабыз деп жатышат. Сценарийдин бешинчи варианты жазылды, качан биздин айткандар да сценарийге кошулса, макулдугубузду беребиз. Биздин бүтүм жок "Кыргызтелефильмдин" көркөм кеңеши сценарийди өткөрбөйт.

Шабдан Жантай уулу туурасында көркөм тасма өкмөт 10 млн. сом бөлүп, аны режиссер Эрнест Абдыжапаров башында турган топ тартууга киришкен. Ушул жылдын апрель айында актерлерго кастинг жарыяланып, тандоо башталган. (SDz)

XS
SM
MD
LG