Учурда абитуриенттер кайсы окуу жайга, кандай адистикке тапшырарын билбей баштары маң. Быйыл бардык мамлекеттик окуу жайлар жалпы республикалык тесттен 110 баллдан жогору алгандарды гана кабыл алат.
Кара кыздын агынан эмес, баллынан...

1
ЖОЖдорго кабыл алуунун 1-айлампасы 7-12-июлга белгиленген.

2
Ишеналы Арабаев атындагы университеттин кабыл алуу комиссиясы спортзалда иштеп жатат.

3
Билим берүү министрлигинин маалыматында мамлекеттик ЖОЖдордон Улуттук университетке тапшыргандар арбын. Талап жогору бөлүмдөргө бир орунга 20дан абитуриент ат салышууда.

4
Кабыл алуунун 2-туру 14-19-июль күндөрү өтөт.

5
Конкурс жыйынтыктары мониторлорго чыгарылат.

6
Эгер муктаждык жаралса талон таштоонун 3-туру 21-26-июлга белгиленет.

7
Быйыл 31 мамлекеттик ЖОЖ жалпы республикалык тесттен 110 баллдан жогору алгандарды гранттык орундарга кабыл алат.

8
Быйыл 53 миң абитуриент тест тапшырган. Алардын 24 миңи гана 110 баллдан жогору алган.

9
Гранттык орундардын саны 5705ти түзөт.

10
Чет эл менен биргелешкен окуу жайлардан Кыргыз-Түрк Манас, Борбор Азиядагы Америка, Кыргыз-Орус Славян жана Ала-Тоо Ататүрк университеттерине талап жогору.

11

12
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде гранттык орундар саналуу гана. Бул окуу жай өзүнүн тестинин негизинде кабыл алат. Учурда бир орунга 6-7 абитуриент талапкер.

13

14

15

16
Окууга өзү тапшырып жаткандай толкунданган ата-энелер. Ар бир экинчи абитуриентти атасы же энеси жетелеп жүргөн болот.

17
Быйыл ЖОЖдорго жалпы республикалык тесттен 110 баллдан жогору алгандар гана кабыл алынат. 110 баллдан ылдый алгандар контракттык бөлүмдөргө да, сырттан окууга да тапшыра алышпайт.

18
Исхак Раззаков атындагы техникалык окуу жайга баш баккандардын да катары калың.

19
Жыйынтыктар жазылчу экранды теше тиктеген үмүттүү көздөр.

20