Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:45

Пакистан: Кабул менен “Талибандын” сүйлөшүүлөрү уланат


Жаздан бери “Талибан” кыймылы негизги провинцияларда террордук чабуулдарды уюштуруп, бир нече райондорду ээлеп алышты.
Жаздан бери “Талибан” кыймылы негизги провинцияларда террордук чабуулдарды уюштуруп, бир нече райондорду ээлеп алышты.

Пакистандын түндүгүндөгү Мерри шаарында ооган бийлиги менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн биринчи расмий сүйлөшүүсү жыйынтыкталды. Анда эки тарап тынчтыкка жетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу чечими кабыл алышты. Бул тууралуу бүгүн Пакистандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Пакистандын ТИМинин расмий өкүлүнүн айтымында, “жыйындын катышуучулары эки өлкө ортосундагы ишеничти бекемдөө үчүн чаралар керектигин моюнга алышты.”

Эки тараптын биринчи расмий сүйлөшүүсүнө Ооганстандын тышкы иштер министи Хекмат Халил Карзай жана “Талибандын” өкүлү Мулла Жалил катышты. Жолугушууда ошондой эле Кытай менен АКШнын өкүлдөрү да болду.

Жолугушуунун кийинки айлампасы орозо айы бүткөн соң уланмай болду.

Соңку айларда талибдер менен ооган бийлигинин өкүлдөрү бир нече ирет бейрасмий жолугушкан, бирок эч кандай жыйынтык чыккан эмес.

“Талибан” кыймылы Ооганстанда бийликти 1996-жылы басып алган. 2001-жылдын 11-сентябрда АКШда болгон террактардан соң эл аралык коалициялык күчтөр тарабынан бийликтен кулатылып, 2003-жылы БУУнун Коопсуздук Кеңеши террористик уюм деп тааныган.

Байкоочулардын баамында, былтыр Ооганстандан эл аралык коалициянын күчтөрү чыгып кеткенден кийин согушкерлер өкмөткө каршы масштабдуу түрдө активдеше башташты.

Жаз башынан бери “Талибан” кыймылы негизги провинцияларда террордук чабуулдарды уюштуруп, бир нече райондорду ээлеп алышты.

XS
SM
MD
LG