Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

Кыргызстанда газ кымбаттады


Доллар курсунун өскөндүгүнө байланыштуу июль айында газдын 1 кубометринин баасы 14 сом 35 тыйын деп белгиленди. Бул сан өткөн айга салыштырмалуу 76 тыйынга кымбат экенин “Газпром Кыргызстан” ишканасынан “Азаттыкка” кабарлашты.

Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругуна ылайык, доллардын курсуна карата тарифтер ай сайын алмаштырылат.

“Газпром” Кыргызстанга көгүлтүр отундун 1000 кубун 165 доллардан жеткирет.

Учурда 1 АКШ доллары 62 сомдун тегерегинде сатылууда. Өткөн айда 58-59 сом болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG