Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Кыргызстандык укук коргоочулар Нансен сыйлыгына көрсөтүлдү


Оштогу «Фергана өрөөнүндөгү чек арасыз юристтер» уюму БУУнун Нансен сыйлыгына көрсөтүлгөн алгачкы он орундун катарына кирди. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган уюмдун жетекчиси Азизбек Ашуров билдирди. Анын айтымында БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссариаты бул сыйлыкка Кыргызстанды алгачкы жолу сунуштоодо. Мындай чечимдин кабыл алынышына уюмдун өткөн жылда 6,5 миңге жакын жарандын паспорт алуусуна жардамдашканы себеп болгон.

Нансен сыйлыгы 1954-жылдан бери качкындардын көйгөйүн чечүүгө себепкер болгон адамдарга жана уюмдарга берилип келет. Анын премиясы - 100 миң доллар. (YI)

XS
SM
MD
LG