Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:17

ЭлТР жетекчиси М.Айтиеваны кызматтан алуу талабы чыкты


ЭлТР телеканалынынын кесиптик кошууну башкы директордун милдетин аткаруучу Максуда Айтиеванын кызматтан кетүүсүн талап кылды. Буга байланыштуу кат президент Алмазбек Атамбаевге жолдонгонун аталган телеканалдын коментатору, кесиптик кошуундун мүчөсү Жайнагүл Максимова “Азаттыкка” билдирди. Алар Айтиевага үч талап коюп жатышат. Үч күндүн ичинде талаптар аткарылбаса иш таштоого чейин барышарын билдиришүүдө.

-Айтиева кызматка келгенден бери мурдагы каржы булактар каякка кеткени дайынсыз болууда. Жарнамадан айына 10 млн. сомго жакын акча түшүп турчу. Ал телеканалдын ишин жакшыртууга жумшалчу. Азыр үч айда болгону 2 млн. түшүптүр. Балдардын айлыгы 50 пайызга чейин азайып кеткен, - дейт Максимова.

Президентке жолдонгон кайрылууга 60тай кызматкер кол койгон жана ЭлТРдин берүүлөрүнүн мазмуну начарлап, жеңил-желпи программалар кетип жатканы айтылган. Жалпысынан аталган телеканалда 300гө жакын киши иштейт.

Максуда Айтиева президенттин жарлыгы менен ЭлТР коомдук каналанын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп өткөн жылдын августунда дайындалган. Максуда Айтиева буга чейин Баткендеги көз карандысыз “Салам” радиосун, Оштогу медиа ресурстук борборун жетектеп келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG