Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

Парламентте Токтогул ГЭСине берилчү каражат боюнча нааразылык айтылды


Токтогул ГЭСин реаблитациялоо боюнча Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнчү 110 миллион доллардын 16 миллионун кеңеш берүү иштерине жумшоо максаты парламент мүчөлөрүндө наарызылык туудурду. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде ушул маселе каралып, 16 миллион долларды сүйлөшүү чараларына гана колдонуу сынга алынды.

ГЭСти реаблитациялоо боюнча долбоор менен эл өкүлдөрүн Энергетика министринин орунбасары Айбек Калиев тааныштырды. Анын айтымында, быйыл июнда банк менен кызматташуу боюнча келишим түзүлөт.

Азия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСин жаңылоого 110 миллион доллар бөлүүдө. Анын 65 миллиону насыя, 45 миллиону грант түрүндө берилет. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде келишимди ратификациялоо каралууда. (SE)

XS
SM
MD
LG