Ош шаарынын борбордук аянтында шаар жаштары кургак учукка каршы акция өткөрүштү. Акцияга келген жаштар “Кургак учукту токтоткула”, “Кургак учукту айыктырууга болот”, “Кургак учуктун алдын алууга болот”, “Кургак учук акысыз дарыланат” деген плакаттарды көтөрүп турушту.
Ошто кургак учукка каршы акция өттү

1
Аянтка келген жаштардын бир бөлүгү кургак учук тууралуу асфальтка сүрөт тартышты, дагы бир бөлүгү аянтта чуркашты.

2

3
Иш-чара бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөш күнүнө карата “Дени сак Кыргызстан” деген аталышта өттү.

4

5

6

7
Иш-чара Ош шаарынын жаштар комитети жана “Чек арасыз дарыгерлер” бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулган.

8

9

10
Акция алкагында эң мыкты сүрөт тарткан жана тез чуркаган окуучулар чакан белектер менен сыйланышты.