Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Жасалма патент колдонгон чет өлкөлүк ишкерлер кармалды


Мамлекеттик салык кызматы “Дордой” соода-базар комплексиндеги “Жунхай” базарында иштеген чет өлкөлүк ишкерлер жасалма патент менен жүргөнүн аныкташты. Кытайдын эки жараны Кыргызстанда ишкердик кылууга уруксат алабыз деп жасалма номерлүү патенттерди колдонгон деп шектелүүдө.

Бул факт боюнча материалдар Экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматка өткөрүлүп берилди.

Каржылык кылмышка шектүү эки ишкерден мамлекеттик бюджетке 414 миң сом өндүрүлдү. (AzK)

XS
SM
MD
LG